Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Эксперттик кызмат: Садыркуловдун өлүмү боюнча жалган маалымат берилген эмес


Өкмөткө караштуу Соттук-эксперттик кызматтын төрага орун басары Табылды Матсаков президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча жалган бүтүм чыгарган деген маалымат чындыкка коошпойт. Мындай билдирүүнү Соттук-эксперттик кызмат таратты.

Маалыматка ылайык, 2009-жылы 13-мартта Медет Садыркулов баштаган үч адамдын өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча Соттук-медициналык экспертиза бюросу комиссиялык экспертиза жүргүзгөн. Аталган комиссия маркумдар "жогорку температуранын натыйжасында каза болгон" деген бүтүмгө келген.

Ал эми Матсаков ошол кезде Соттук-медициналык экспертиза бюросунун жетекчиси катары аталган бүтүм тууралуу маалымат гана бергенин мамлекеттик орган билдирди.

Табылды Матсаков Соттук-эксперттик кызматтын төрага орун басары болуп ушул аптада дайындалган. Анын дайындалышы маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда көп талкууларга жол ачкан. Анда журналисттер жана интернет колдонуучулар бул адис 2009-жылы президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркулов баштаган үч адам "жол кырсыгынан каза болду" деп бүтүм бергенин эске салышкан эле. Бирок кийинчерээк Садыркуловду мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевдин жакындары кыйнап өлтүргөнүн тергөө далилдеп, сот чечими чыккан. (BkA)

XS
SM
MD
LG