Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:34

Орусия Вашингтондун айыптоосун кескин сындады


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын орус чалгынчыларына айып тагуусун сындады. “Вашингтондо 2016-жылдагы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкен деген эски “өрдөктү учурууга” бардык күчү менен аракет кылышууда”,-деп айтылат орус Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланган билдирүүдө. Ошондой эле Орусия Кошмо Штаттардын атайын прокурорунун чечими жакында өтчү америка-орус саммитинин алдында маанайды бузууну көздөйт деп эсептейт.

Буга чейин Кошмо Штаттардын Юстиция министрлиги Орусиянын Башкы аскерий чалгын мекемесинин (ГРУ) 12 кызматкерине айып таккан эле. Анда орус чалгынчыларын Американын Улуттук демократиялык комитетинин, президенттикке талапкер Хиллари Клинтондун, АКШнын Демократиялык партиясынын комитетинин серверлерин бузган деп күнөөлөшкөн.

АКШ Башкы прокурорунун орун басары Род Розенштейн 13-июлда жарыялаган маалыматка ылайык, 2016-жылы ГРУнун өкүлдөрү Клинтондун штабынын кызматкерлерине жана ыктыярчыларына караштуу компьютерлерге чабуул коюу операциясын башташкан.

Башкы прокуратуранын бул билдирүүсү АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусия лидери Владимир Путиндин Хельсинкиде өтө турган алгачкы саммитине үч күн калганда жарыяланды.

Америкада 2016-жылы өткөн президенттик шайлоого Орусиянын ыктымал кийлигишүүсү боюнча буга чейинки айыптоолорду Кремль жана Трамп өзү да четке кагып келишкен.

XS
SM
MD
LG