Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Алты айда Кыргызстандын ИДПсы 0,1 пайызга өстү


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

Кыргызстандын ички дүң продукциясы быйылкы жылдын алты айында 0,1 пайызга өсүш көрсөттү.

Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча өнөр жай продукциясынын өндүрүшү 6 пайызга төмөндөгөн. Бирок Кумтөрдү эсепке албаганда 5,1 пайызга өскөн.

Кайра иштетүү өнөр жайы жана кен байлыктарды иштетүү жаатында төмөндөө байкалган. Буга Кумтөрдөгү өндүрүштүн азайганы себеп болгон.

Жарым жылдагы ички дүң продукциянын номиналдык көрсөткүчү 213,6 миллиард сомду түздү.

Быйылкы жылы дефляция байкалып, керектөөчү баалар индекциясы 0,1 пайызга төмөндөдү.

Ал эми тышкы соода жүгүртүү январь-май айларында 2.7 миллиард сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 20,9 пайызга жогорулаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG