Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:12

ИИМден 15 жетекчи кызматтан бошотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин жарым жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарган коллегиясынын чечими менен 92 кызматкерге чара көрүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өз ишиндеги кемчиликтери жана ыкчам-тергөө иштерин тийиштүү деңгээлде уюштура албаганы үчүн милицияда иштеген 15 жетекчи кызматтан алынды, 77 жетекчи дисциплинардык негизде жазага тартылды жана эки милиция башчысы ротацияга туш болмокчу.

Ички иштер министрлиги кайсы жетекчилер кызматтан кеткенин ачыкка чыгара элек.

Коллегиянын жүрүшүндө ички иштер министри Кашкар Жунушалиев каракчылык, тоноо, уурулук, издөөдө жүргөндөр боюнча милиция начар иш жүргүзүп жатканын билдирген

- Тилекке каршы, бир катар милдеттер аткарылбай калганын белгилейм. Президент коррупцияны алдын алгыла, токтоткула деген тапшырма койгон, бирок алгылыктуу жыйынтыктар али да жок. Ошол эле учурда Коопсуздук кеңешинин чечимдери да ойдогудай аткарылган эмес. Буга жетекчинин өз милдетине кайдыгер мамиле жасаганы себеп болуп жатат.

Министр Жунушалиев бардык көрсөткүчтөрдү жакшыртууну талап кылды.

Быйылкы жылдын алды айында өлкө боюнча 14339 кылмыш катталып, ал боюнча 12 миңден ашуун иш козголгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG