Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:10

Сапар Исаковдун адвокаты Жогорку сотко арыз жазды


Сапар Исаков.

Коррупцияга айыпталып УКМКнын Тергөө абагында отурган мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен Жогорку сотко арыз жолдонду. Бул тууралуу Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов кабарлады. Анын айтымында, Жогорку сот анын арызын 24-июль күнү карамакчы.

Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айып тагылган Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган эле. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эки айга камакта калтыруу боюнча чечим чыгарган. Кийин бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Исаковдун адвокаты мындай чечим мыйзамсыз болгонун мурдагы премьер үй камагына чыгышы керектигин билдирип келет.

Жалпысынан Бишкек ЖЭБинин айланасында козголгон кылмыш иши боюнча 15ке чукул адам кармалган. Алардын арасында Исаковдон сырткары мурдагы премьер Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри, депутат Осмонбек Артыкбаев, Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов, Улуттук Энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев жана башкалар бар. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG