Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 03:59

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары мэриядагы соңку кырдаалга байланыштуу эмгек өргүүсүнө чыкпайт. Мындай чечимди баш калаа депутаттары 13-июлдагы кезексиз жыйынында кабыл алышты.

Шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаевдин айтымында, депутаттар шаардагы жана мэриядагы абалга көз салып, көмөк көрсөтүүнү чечишти.

13-июлда шаардык кеңеш Бишкектин мэри Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алышкан. Бул чечим премьер-министрге жөнөтүлдү. Мэрди отставкага кетирүү боюнча чечимди эми өкмөт башчы кабыл алышы керек.

Мунун алдында Бишкектин биринчи вице-мэри Ренат Макенов коррупцияга айыпталып, камакка алынган эле. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG