Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:41

Премьер Абылгазиев энергетиктердин ишин сынга алды


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика жаатындагы жоготуулар боюнча так маалымат берүүнү талап кылды. Бул тууралуу премьер күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүү боюнча республикалык штабдын жыйынында билдиргенин өкмөттөн кабарлашты. Абылгазиев тармактагы жетекчилер берген маалыматтар көп учурда чыныгы абалга шайкеш келбей жатканын билдирип, бул жаатта абалды оңдоо зарылдыгын белгилеген:

- Бөлүштүрүү компанияларынын түйүндөрүндө электр энергияларын жоготуулар кээде 40% чейин жетет. Ансыз да жыл сайын адистер жоготуулар азайганын, башкаруу жакшырганын, ошондой эле жылуулук мезгилине толук даярдык көрүлгөнүн ырасташат. Ошого карабастан Бишкек ЖЭБдеги авария кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.

"Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси быйыл январь-июнь айларында энергетикадагы жоготуулар электр түйүндөрүндө 12,8% пайызды түзгөнүн маалымдады.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө Абылгазиев кышка карата көмүр менен камсыз кылуу боюнча ыкчам иш алып барып, баасын тоннасына 1200 сомдон ашырбоо зарылдыгын белгиледи.

Быйыл жыл башында Бишкек Жылуулук электр борборунда авария катталып, шаардыктар бир жумадай жылуулуксуз калган эле. Буга өкмөттүн күз-кыш мезгилен даярдыкты өз деңгээлинде жүргүзбөгөнү себеп болгону айтылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG