Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

Жусуп Абдрахманов жөнүндө тасманы Эрнест Абдыжапаров тартат


Жусуп Абдрахманов.
Жусуп Абдрахманов.

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахманов жөнүндө даректүү тасманы режиссер Эрнест Абдыжапаров тартат. Мындай чечим тасманы тартууга режиссерду тандоо боюнча сынактын жыйынтыгында кабыл алынды. Сынакка режиссерлор Бекболот Айдаралиев, Эрнест Абдыжапаров, Нурлан Абдыкадыров, Нурбек Боркошев, Нуркамил Курманкулов, Руслан Машрапов, Бакыт Турдубаев жана Замир Эралиев катышкан.

Натыйжада Жусуп Абдрахмановдун бейнесин ачып, баскан жолун баяндаган тасманы тартуу укугун режиссер Эрнест Абдыжапаров алды.

Абдрахманов жөнүндө тасма тартууга ишкер Аскар Салымбековдун фонду сынак жарыялаган. Бул фонд тасманы тартууга кетчү чыгымды толугу менен көтөрөт. Тасманын сценарийин журналист Бакыт Орунбеков жазган.

Жусуп Абдрахманов 1920-жылдары Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы (өкмөт башчысы) болуп иштеген. Ал Кыргызстандын союздук жумурият макамын алуусу үчүн өзгөчө салым кошкон. СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Иосиф Сталинге ачык сын айткан. Ал 1930-жылдары Казакстандын ачарчылык азабын чеккен калайыгынын Кыргызстанга ооп келген бөлүгүн ачарчылыктан сактап калган иш-аракеттери менен белгилүү. Жусуп Абдрахманов контрреволюциячыл жана улутчул деген жалган жалаа менен айыпталып, 1937-жылы сталиндик репрессияга тартылып, кийинки жылы атылып кеткен.(BkA)

XS
SM
MD
LG