Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Греция киберкылмышка шектелген орусиялыкты Францияга өткөрөт


Александр Винник.
Александр Винник.

Грециянын соту киберкылмыштарга шектелген орусиялыкты Францияга өткөрүп берүүгө макул болду. Орусиянын жараны Александр Винникти Франция алдамчылык менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөсү катары айыптаса, АКШ ага төрт миллиард доллардан ашык каражатты криптовалюта базарында адалдаган деген күнөө койгон. Ошол эле Винникке каршы Орусияда да айыптар коюлган эле.

Париж 38 жаштагы кылмышка шектүүнү өткөрүү өтүнүчүн эки апта мурун келтирген. Афинынын жанындагы Салоник соту бул өтүнүчтү карап чыгып, канааттандырды.

Александр Винник Грецияда былтыр жайында кармалган. Аны өткөрүп берүүнү буга чейин АКШ менен Орусия да өтүнгөн болчу.

XS
SM
MD
LG