Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:29

Ош шаарында "Ош мэрине аманат" аттуу акция өттү


Акциядан бир көрүнүш.
Акциядан бир көрүнүш.

Акциянын жүрүшүндө калаанын жигердүү тургундары Оштун көйгөйлөрүн атайын туш кийизге тизмектешти. Тизмеде Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги жер тилкелерин мыйзамсыз сатууну токтотуу, мэрияда гендердик тендикти сактоо, үй-бүлөлүк зомбулукту азайтуу, жергиликтүү салык топтоону ачыкка чыгаруу, көмүскө экономиканы азайтуу сыяктуу көйгөйлөр камтылган.

Туш кийизде тиркелген ар бир көйгөй боюнча жарандык коомдун өкүлдөрү жана шаар тургундары түшүндүрмө беришти. Алар бул көйгөйлөрдү Ош шаарынын мэрлигине талапкерге талап катары тапшырышмакчы.

Ош шаарынын мэрлигине жалгыз талапкер болуп Таалай Сарыбашев катталган. Шаар мэрин шайлоо 18-июлга дайындалган. (YI)

XS
SM
MD
LG