Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Футбол: Бельгия командасы үчүнчү орунду ээледи


Бельгия менен Англия командалары буга чейин группалык оюндар да беттешкен
Бельгия менен Англия командалары буга чейин группалык оюндар да беттешкен

Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта үчүнчү орунду Бельгиянын курама командасы ээледи. Бул орун үчүн бельгиялыктар Англиянын футбол командасы менен беттешип, 2-0 эсебинде жеңишке жетишти.

Беттештин жүрүшүндө бельгиялыктар үчүн оюндун 4-мүнөтүндө Томас Менье алгачкы голду киргизсе, оюн бүтөргө сегиз мүнөт калганда Эден Азар экинчи топту киргизип, ишенимдүү жеңишке жетишти.

Дүйнө чемпионатында үчүнчүлүк Бельгия курамасынын тарыхындагы эң жакшы көрсөткүч болуп калды.

Ал эми бүгүн чемпионаттын жеңүүчүсү аныкталат. Финалга Франция жана Хорватиянын курама командалары чыккан.

Москванын “Лужники” стадионунда өтчү беттеш Бишкек убактысы боюнча 21:00дө башталат. (BkA)

XS
SM
MD
LG