Сириянын түндүгүндөгү Идлиб провинциясына президент Башар Асаддын аскерлери чабуул жасаса, Орусия менен Түркия ортосунда Астанада кол коюлган келишимди жокко чыгат.
Бул тууралуу түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө билдиргенин Reuters агенттиги түрк президентинин жакындарына шилтеме берип жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, баарлашуу учурунда Эрдоган Сириянын түштүгүндөгү Дераа аймагынын тургундары туш болгон абал боюнча тынчсыздануусун билдирген. Бул аймакты ушул аптада Орусиянын жардамы менен Сириянын өкмөттүк күчтөрү ээлеген эле.
Түркиянын президенти дал ушундай жол менен Асаддын армиясы Сириянын түндүгүнө чабуул жасаса буга чейин кабыл алынган келишимдерге каршы келерин эскерткен.
Идлиб-Сирияда өткөн жылы түзүлгөн деэскалация аймактарынан өкмөттүк күчтөрдүн колуна өтө элек акыркы аймак. Бул аймактын көпчүлүк бөлүгүн Түркия колдогон козголоңчул топтор ээлеп турат.
Кремль Путин менен Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшкөнүн ырастады. Орусия бийлиги тараткан маалыматта эки лидер “Сириядагы кризистик кырдаалды жөнгө салуунун бирдиктүү кадамдарын талкуулаганы” айтылат.