Премьер-министр Мухамммедкалый Абылгазиев баш болгон делегация Тбилиси шаарында өтө турган “Ачык өкмөт" ("Open Government Partnership") саммитине катышат. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнөн кабарлашты. 16-июлда башталчу саммитке бул демилгеге мүчө болгон 70тен ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Анда ар кыл өлкөлөрдүн ачык-айкын саясат жүргүзүү тажрыйбалары жөнүндө талкуу болуп, бул жаатта Кыргызстанда аткарылып жаткан иштери тууралуу маалымат берилет.
Кыргызстан “Ачык өкмөт" ("Open Government Partnership") уюмуна былтыр ноябрь айында ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун демилгеси менен кошулган. Анын алкагында «Ачык маалыматтар» саясаты иштелип чыгып, мамлекеттик органдардын ишиндеги ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, инвестиция тартууга шарт түзүү боюнча убадалар берилген эле.
"Ачык өкмөт" ("Open Government Partnership", OGP) - 2011-жылы негизделген эл аралык уюм. Ал мамлекеттик башкарууда ачык-айкындуулук, жарандык көзөмөл болушун көздөйт. Уюмду сегиз мамлекет - АКШ, Улуу Британия, Бразилия, Норвегия, Индонезия, Мексика, Филиппин жана Түштүк Африка түптөгөн. (BkA)