Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:42

Помпео: Трамп менен Путиндин жолугушуусу АКШ үчүн маанилүү


Майк Помпео.
Майк Помпео.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео президент Дональд Трамп менен орус президенти Владимир Путиндин жолугушуусу “Америкага пайда алып келет” деп ишенет. Эки өлкө президентинин жолугушуусу 16-июлда Хельсинкиде өтөрү күтүлүүдө.

14-июлда АКШнын баш прокурорунун орун басары Род Розенстайн 2016-жылы президенттик шайлоодо кийлигишкен деген жүйө менен Орусиянын 12 жаранына айып таккан соң айрым америкалык саясатчылар Трампты Путин менен жолугушуудан баш тартууга үндөгөн. Мындай чакырык менен Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер да чыккан. Ошондой эле Трампка жолугушуу учурунда АКШнын иштерине орус чалгын кызматкерлеринин кийлигишүүсү боюнча маселени кабыргасынан коюу боюнча талаптар да айтылууда.

Бирок мамлекеттик катчы Помпео АКШ-Орусия саммити мурдагы планга ылайык өтөрүн жана бул жолугушуу абдан маанилүү экени билдирди. Ага чейин Ак үйдүн маалымат катчысы Сара Сандерс да жолугушуу үзгүлтүккө учурабай турганын маалымдаган.

Кошмо Штаттардын Юстиция министрлиги Орусиянын Башкы аскерий чалгын мекемесинин (ГРУ) 12 кызматкерине айып таккан эле. Анда орус чалгынчыларын Американын Улуттук демократиялык комитетинин, президенттикке талапкер Хиллари Клинтондун, АКШнын Демократиялык партиясынын комитетинин серверлерин бузган деп күнөөлөшкөн.

Буга Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кескин жооп кайтарып, мындай аракеттер жакында өтчү америка-орус саммитинин алдында маанайды бузууну көздөйт деп билдирген.

XS
SM
MD
LG