Түркия Бишкектеги Улуттук китепкананын үчүнчү кабатын оңдойт. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Анын айтымында, бул Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин алкаганда ишке ашырылууда.
Китепкананын имараты оңдоодон өткөрүлгөн соң китепкананын үчүнчү кабаты Айтматов залы деп аталат.
“Улуттук китепкананын түрк бөлүмү болот жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилет. Бул иштер сентябрь айына чейин бүткөрүлөт”,-деди элчи.
Ошондой эле элчи Түркиядан келген ишкерлер сентябрга чейин Ошто эки оорукана ачууну пландап жатканын кошумчалады. Маалыматка караганда, Кыргыз-түрк Көз оорулары клиникасы ачылып, Оштогу санаторийдин эски имараты оңдолуп, 200 орундуу кардиология ооруканасы болуп түзүлгөнү жатат. (BkA)