Мамлекеттик Ипотекалык компаниядан насыя алгандардын көпчүлүгү Бишкектен бир бөлмөлүү батир сатып алууда. Бул тууралуу аталган компания тараткан маалыматта айтылат.
Бишкектеги бир бөлмөлүү батирлердин орточо баасы 1,7 миллион сомду же 25 миң долларды түзөт. Мындай батирди алгандар алгач 10 пайыздык төгүмдү төлөгөн соң 15 жыл бою ай сайын 16 миң сомдон төлөп турушат.
Өкмөт 2015-жылы мамлекеттик мекемеде иштегендерди үй менен камсыз кылуу максатында атайын программа кабыл алган. Ага ылайык, алгач насыя 10 пайыздык үстөк менен берилген. Кийин 8 пайызга төмөндөтүлгөн.
Быйыл премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев пайыздык өлчөмдү 6 пайызга чейин төмөндөтүүнү сунуштаган. Бирок Ипотекалык компания каржылоонун жетишсиздигинен арыздарды убактылуу токтотууну чечкен эле.
18-июнга карата Ипотекалык компаниядан 3 190 адам 3,4 миллиард сомго насыя алды. (BkA/YrU)