Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:56

Июлда күйүүчү май кымбаттабайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы жылдын алты айында Кыргызстанга ташылып келген бензин 2,6 сомго же 6,5%, ал эми дизелдик отун 4,4 сомго же 11% кымбаттады. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы кабарлады. Маалыматка ылайык, баанын кымбатташына Орусиядагы мунай заводдорундагы күйүүчү-майдын тартыштыгы себеп болгон.

Ал эми июлдан тартып Орусияда бензин базарындагы абал турукташкандыктан Кыргызстанда да күйүүчү майдын баасы туруктуу кармалары болжолдонууда.

Учурда Бишкекте АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 43 сомдон 44 сом 30 тыйынга чейинки баада сатылат. АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 45 сом 50 тыйындан тартып 47 сомго чейинки баада. Жогорку сапаттагы АИ-98 бензини 49 сом 50 тыйындан 49 сом 90 тыйынга чейин турат. Дизелдик отундун наркы 44-45 сомдун тегерегинде.

Жалпысынан жарым жылда Кыргызстанга 504,5 миң тонна мунай өндүрүмү ташылып келген. Анын 234 миң тоннасы бензин болсо, калганы дизелдик отун. (BkA)

XS
SM
MD
LG