Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:20

БУУ: Ооганстанда жайкын тургундардын өлүмү көбөйдү


Ооганстан
Ооганстан

Бириккен Улуттар уюму быйылкы жылдын биринчи жарымында Ооганстанда каза болгон жайкын адамдардын саны рекорддук чекке жеткенин жарыялады. Мындай кырдаал бир ай мурун өлкөдө ок атууну токтотуу макулдашуусуна карабай жарыялады. Жарым жылда каза болгон жарандардын саны 1692ни түзгөн. Ал эми 3400дөн ашык адам ар түркүн жараат алган.

Каза болгондор көбүн эсе коопсуздук күчтөрү менен согушкерлер ортосундагы салгылашта жана “Ислам мамлекети” террорчул тобу жана талиптер уюштурган жардыруулардан ажал табышкан.

БУУнун баяндамасында Кабул, Нангархар, Фарьяб, Гилменд жана Кандагар сыяктуу аймактарда жашаган жайкын тургундар кол салуулардан жабыр тартканы айтылат.

Ошондой эле жүздөгөн кишилер шийит мечиттери, өкмөттүк имараттар жана жардам көрсөтүү кеңселерине кол салуудан улам набыт кеткен.

XS
SM
MD
LG