АКШ жана Түндүк Кореянын делегациялары Корей жарым аралындагы согуш учурунда каза болгон америкалык аскерлердин сөөгүн кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сүйлөшүү Пханмунжом чек ара пунктунда өттү.
Алгач жолугушууну 12-июлда өткөрүү сүйлөшүлгөн. Бирок түндүк кореялык тарап даярдык бүтпөй калганын жүйө келтирип, 15-июлга жылдырган.
1950-53-жылдардагы Корей согушунда жети миңден ашуун америкалык аскер дайынсыз жоголгон.
Пентагондун маалыматы боюнча, буга чейин Түндүк Корея бийлиги 200гө жакын америкалык аскердин сөөгү табылганын билдирген.