Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:57

Грузиянын парламенти жаңы өкмөттү бекитти


Грузия парламенти

Грузиянын парламенти көпчүлүк добуш менен Мамука Бахтадзе жетектеген өкмөттүн жаңы курамын бекитти. Бул үчүн депутаттар түн ортосуна чейин иштешти. Анда премьер-министр өзүнүн негизги милдети катары экономикалык реформаларды жүргүзүү, Евроатлантикалык уюмдар менен интеграцияны атады.

Парламент алдында сүйлөп жатып, 36 жаштагы премьер “абхаз жана осетиндер менен тынчтыкта жашаган европалык мамлекетти курууга” убада берди.

Бул өкмөткө парламенттеги 101 депутат макул болуп, 12си каршы чыкты.

Парламенттеги депутаттардын төрттөн үчүн Бахтадзени сүрөгөн миллиардер Бидзина Иванишвилиге ыктаган күчтөр түзөт.

13-июнда мурдагы премьер-министри Георгий Квирикашвили кызматтан кеткен. Ал муну башкаруучу партия болгон "Грузин кыялынын" лидери Бидзина Иванишвили менен болгон пикир келишпестикке байланыштырган.

Мындан соң Грузиянын парламенти жаңы премьер-министр Мамука Бахтадзе жетектеген өкмөттү жактырган. Бирок үч апта ичинде өкмөттүн жаңы курамын алып келүүгө убада берген эле.

XS
SM
MD
LG