Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:08

Кабулдагы жардыруу жети кишинин өмүрүн алды


Кабулдун четиндеги текшерүү-өткөрмө бекети. 10-июль, 2018-жыл.
Кабулдун четиндеги текшерүү-өткөрмө бекети. 10-июль, 2018-жыл.

Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы жанкечтинин жардыруусунан кеминде жети киши набыт болуп, 15 адам жаракат алды. Полициянын маалымат катчысы Хашмат Станикзай кол салуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин имаратынын алдында болгонун билдирди. Курман болгондордун арасында жай тургундар жана коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү да бар.

Министрликтин маалымат катчысы Фрайдун Азханд да бул кабарды ырастап, жанкечти имараттын дарбазасына жакын жерде, кызматкерлер чыгып бараткан маалда өзүн жардырып жибергенин кошумчалады. Чабуул үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өз мойнуна ала элек.

11-июнда ушул эле министрликтин имаратынын алдында жанкечти өзүн жардырып жиберип, 13 кишинин өмүрү кыйылган. Жарадарлардын саны 30дан ашкан. Ал кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал уюму өз мойнуна алган.

15-июлда Ооганстандагы Улуттар Уюмунун миссиясы жаңы баяндамасын жарыялап, 2018-жылдын биринчи жарымында мурдагы жылдарга салыштырмалуу жайкын тургундардын арасында өлүм 22 пайызга өскөнүн маалымдады.

XS
SM
MD
LG