Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Сербиялык Новак Жокович төртүнчү жолу Уимблдонду утту


Новак Жокович сыйлыгын өөп жатат. 15-июль, 2018-жыл.
Новак Жокович сыйлыгын өөп жатат. 15-июль, 2018-жыл.

Сербиялык Новак Жокович төртүнчү жолу абройлуу Уимблдон таймашында жеңүүчү аталды. Ал финалда түштүк африкалык Кевин Андерсонду 6-2, 6-2, 7-6 эсебинде жеңип, "Чоң шлем" сериясындагы турнирде 13-ирет жеңишке ээ болду.

Андерсон жарым финалда америкалык Жон Иснерди, ал эми Жокович испаниялык Рафаэл Надалды жеңген.

31 жаштагы Жокович эки жылдан бери оң чыканагындагы жараатынан улам чоң мелдештерди жеңе элек болчу. Ал ушул жылдын февраль айында операция жасаткан. 32 жаштагы Андерсон эч качан ири мелдештерде жеңүүчү аталган эмес, Ал былтыр Кошмо Штаттардын Ачык чемпионатында Надалдан кийин экинчи орунга ээ болгон.

Жокочич алты жолу Австралиянын ачык чемпионатын, эки жолу Кошмо Штаттардын ачык чемпионатын жана бир жолу Roland Garros мелдешин уткан.

XS
SM
MD
LG