Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:03

Кыргызстанда кыймылсыз мүлк кымбаттады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте батирдин баасы өткөн жылдын ушул айына караганда 6,2 пайызга, Ошто 12% көтөрүлдү. Ал эми 105, 104 жана 308-сериядагы жана жеке типтеги үч бөлмөлүү батирдин баасы салыштырмалуу бир аз арзандады. Мамлекеттик каттоо кызматынын турак жайды каттоо жана талдоо бөлүмүнүн башкы эксперти Айдар Сукенбаев “Азаттык” менен болгон маегинде буларды айтты:

- Жалпысынан январь айына караганда баа көп деле көтөрүлгөн жок. Бирок былтыркыга салыштырмалуу өстү. Жайында эл эс алууга кетип, негизинен кыймылсыз мүлктү сатып алуу, сатуу келишимдери да азайчу. Эгер январь айында Бишкек шаарында 989 батир сатылса, февралдан баштап 1100дүн тегерегинде батир сатылды. Жайында деле азайган жок. Батирлерге болгон муктаждык бар болгондуктан, баа төмөндөбөйт. Көбүнчө 1,2 бөлмөлүү батирлерге суроо-талап жогору болууда.

Сукенбаевдин белгилешинче, баалардын көтөрүлүшү эмгек мигранттары тапкан кирешенин көбөйгөнүнө байланыштуу.

Улуттук банктын маалыматына караганда, мигранттардын маянасы быйыл 14% арбыган. Муну менен алар которгон каражат да көбөйгөн. Экинчиден, буга Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин курулуш материалдары кымбат баада келип жатканы себеп болууда.

Улуттук банктын сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, 2018-жылдын алгачкы төрт айында Кыргызстанга чет жактан которулган каражаттын көлөмү 700,5 миллион долларды түзгөн. Анын басымдуу бөлүгү Орусиядан жана Казакстандан келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG