Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

Абактагы Кулматовдун адвокаты президентке кайрылат


Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун жактоочулары сот адилеттиги туура жүрбөй жатканын билдирип, президент Сооронбай Жээнбековго жана Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаевага кайрылуу даярдоодо. Бул тууралуу адвокат Сергей Слесарев “Азаттыкка” билдирди.

- Тилекке каршы, Кулматов мыйзамсыз жана негизсиз абакта отурат. Ошондуктан биз президентке жана Жогорку соттун төрайымына кайрылуу даярдап жатабыз. Бул кайрылуу маалыматтык мүнөздө болот. Сот адилеттиги туура эмес, үзүл-кесил жана Кулматовго карата бир жактуу иштеп жатканын көрсөткүбүз келип жатат.

Кубанычбек Кулматовго Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен өткөн айда айып тагылган. Ал "2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган учурда ЖЭБди жаңылаган Кытайдын ТВЕА компаниясы берген 2 млн. доллардык грантты мыйзамсыз иштеткен" деп айыпталып жатат.

Июнь айында Кулматовго 350-346-беренелердин (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде​ экинчи кылмыш иши козголгон. УКМК аны "1995-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн" деп айыптап жатат.

Азыр ал УКМКнын тергөө абагында отурат. (КЕ)

 

XS
SM
MD
LG