Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

Медресе бүтүрүүчүлөрүнүн келечеги талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте медресени бүткөн балдардын келечегин жана алардын жумуш табуу мүмкүнчүлүгүн талкуулаган конференция өтөт. Бул тууралуу “Булан” институтунун жетекчиси Чолпон Орозобекова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, балдар медресени аяктагандан кийин окууда жана жумуш табууда кыйынчылык, тоскоолдуктар тууралуу сөз болот.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын эсеби боюнча Кыргызстанда ислам багытында билим берген 114 диний окуу жайы бар. Алардын тогузу институт, бирөө университет. Калган 104ү медресе жана окуу борборлору (коомдук бирикмелер).

Быйыл жыл башынан бери мониторинг жүргүзүлүп, материалдык базасын жакшыртуу, билим деңгээлин жогорулатуу талабы менен 23 медресеге эскертүү берилген. Медреселерде 6 миңдей бала окуй турганы айтылат.

Маалым болгондой, соңку 15 жылдан бери Кыргызстан Ислам университети гана Билим берүү министрлигинен лицензия алган. Калган 100дөй медресенин лицензиясы жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG