Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Аба ырайы: Өткүн өтүп, күн күркүрөйт


Кыргызстан. Ат-Башы району.
Кыргызстан. Ат-Башы району.

Кыргызстанда 17-июлда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз Нарын облусунда жана Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18...23, күндүз 30...35;

Таласта түнкүсүн 12...17, күндүз 29...34;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19...24, күндүз 32...37;

Баткенде түнкүсүн 20...25, күндүз 33...38;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25;

Нарын облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27 градус ысык болот.

Бишкекте 17-июлда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн 21...23, күндүз 32...34
градуска чейин көтөрүлөт.

XS
SM
MD
LG