Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Абылгазиев Грузияда “Ачык өкмөт” саммитине катышат


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Грузиянын борбору Тбилиси шаарында боло турган “Ачык өкмөт” саммитине катышат. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Абылгазиев 16-июлда Грузияга иш сапары менен жөнөп кетти. Үч күнгө созула турган иш сапарынын жүрүшүндө ал Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили, өкмөт башчы Мамука Бахтадзе баштаган расмий өкүлдөр менен жолугушканы турат.

Премьерди Жогорку Кеңештин бир нече депутаты, ички иштер, саламаттык сактоо министрлери жана башка аткаминерлер коштоп жүрөт.

“Ачык өкмөт" ("Open Government Partnership") ​саммити Тблисиде бүгүн башталууда. Ага бул долбоорго мүчө болгон 70тен ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Саммитте ар кыл өлкөлөрдүн ачык-айкын саясат жүргүзүү тажрыйбалары талкууланат. Анын ичинде Кыргызстанда аткарылып жаткан иштер тууралуу да маалымат берилет.

Кыргызстан “Ачык өкмөт" ("Open Government Partnership") уюмуна былтыр ноябрь айында кошулган. Анын алкагында «Ачык маалыматтар» саясаты иштелип чыгып, мамлекеттик органдардын ишиндеги ачык-айкындыкты камсыз кылуу, инвестиция тартууга шарт түзүү боюнча убадалар берилген.

"Ачык өкмөт" ("Open Government Partnership", OGP) - 2011-жылы негизделген эл аралык уюм. Ал мамлекеттик башкарууда ачык-айкындык, жарандык көзөмөл болушун көздөйт. Уюмду сегиз мамлекет - АКШ, Улуу Британия, Бразилия, Норвегия, Индонезия, Мексика, Филиппин жана Түштүк Африка түптөгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG