Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Мурдагы өзбекстандык саясий туткун АКШдагы балдарына жолукту


Мухаммад Бекжан түрмөдөн чыккандан кийин Жаңы-Базардагы үйүндө. 1-март, 2017-жыл.
Мухаммад Бекжан түрмөдөн чыккандан кийин Жаңы-Базардагы үйүндө. 1-март, 2017-жыл.

18 жыл түрмөдө отуруп чыккан Мухаммад Бекжан АКШга барып, үй-бүлөсүнө кошулду. Аны 16-июлда Сиэттл аэропортунда неберелери менен кыздары тосуп алышты. Алар атасын 1999-жылдан бери көрө элек болчу.

64 жаштагы журналист түрмөдөн былтыр февралда чыккан. Өзбек бийлиги өткөн жумада АКШга баруу үчүн өлкөдөн чыгууга виза берген.

Бекжан “Азаттык” радиосунун өзбек кызматына Кошмо Штаттарга убактылуу гана баратканын, балдары жашаган өлкөдөн “саясий баш калка” сурабай турганын айткан.

“Чек арасыз кабарчылар” уюму Бекжанды “дүйнөдөгү эң узак мөөөнөткө түрмөдө отурган журналист” деп тааныган.

Бекжан – оппозициялык «Эрк» гезитинин мурдагы редактору жана экс-президент Каримовдун башкы оппоненти Мухаммад Салихтин иниси.

1999-жылы мартта Киевде мыйзамсыз кармалып, Ташкентке жеткирилген. Өзбекстанда ага "ошол жылдын февраль айында Ташкентте болгон жардырууларды уюштурган" деген айып тагылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.

Cотто Бекжан ага коюлган айыптарды толугу менен четке кагып, ал эми тергөө маалында кыйноого кабылганын айткан.

XS
SM
MD
LG