Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:50

Трамп менен Путин АКШ-Орусия алакасын оңдоонун "алгачкы кадамын" кубатташты


АКШ президенти Дональд Тармп менен Орусиянын лидери Валдимр Путин Хелсинкидеги басма сөз жыйынында, 16-июль, 2018-жыл.
АКШ президенти Дональд Тармп менен Орусиянын лидери Валдимр Путин Хелсинкидеги басма сөз жыйынында, 16-июль, 2018-жыл.

Президенттер Дональд Трамп менен Владимир Путин АКШ - Орусия ортосунда сууп кеткен мамилени жандантуу үчүн "алгачкы кадамдар" жасалганын белгилешти. Трамп Ак үйгө келгенден берки 18 ай ичинде эки өлкөнүн лидерлери биринчи жолу саммит өткөрүштү.

Путин Хелсинкидеги жолугушууну "ийгиликтүү жана пайдалуу" болду деп баалап, анда куралды көзөмөлдөө, Сирия жана Украинадагы жаңжалдар, соода жана башка маселелер талкууланганын айтты.

Жалпысынан төрт сааттай созулган сүйлөшүүдөн кийин эки лидер бирге басма сөз жыйынын өткөрүштү. Путин Трамп АКШдагы 2016-жылкы шайлоого Орусиянын ыктымал кийлигишүүсү тууралуу сөз козгогонун айтып, Москва ага "эч кандай кийлигишкен эмес" деген сөзүн кайра кайталады.

Орус лидери шайлоодо Трамптын жеңишин каалаганын, анткени Республикачылардын талапкери Орусия менен алаканы оңдоо ниетин билдиргенин жүйө көрсөттү. Журналисттин бурчка такаган суроосунан кийин Трамп орус лидеринин жүйөсү "негиздүү жана күчтүү" угулганын баса белгиледи.

Трамп ошондой эле Путин менен жолугушуу тууралуу чечимин коргоп, "дипломатия" өтө маанилүү экенин белгиледи жана Москва менен "иштиктүү дипломатиянын" болушу Кошмо Штаттар, Орусия жана жалпы эле дүйнөгө пайдалуу экенине токтолду.

XS
SM
MD
LG