Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:01

Өзбек телеканалы бир нече диний көрсөтүүнү токтотту


Өзбек телеканалдарындагы берүүлөрдүн бири.
Өзбек телеканалдарындагы берүүлөрдүн бири.

25-июндан тарта Өзбекстандагы «Маданият ва маърифат» телеканалы бери дегенде эле алты диний берүүнү көрсөтүүнү токтотту.

Маалыматка караганда, алардын арасында быйыл марттан бери шаршемби сайын эфирге чыгып келген «Қуръони каримни ўрганамиз» («Курани каримди үйрөнөбүз») берүүсү да бар. Аны менен катар программанын акыркы бир нече чыгарылышы да "Youtube" порталынан өчүрүлгөн.

Бул көрүнүш социалдык түйүндөрдүн өзбекстандык колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жаратты.

«Маданият ва маърифат» телеканалынын өкүлдөрү жетекчиликке жогору жактан эфирге диний мүнөздөгү берүүлөрдү чыгарбоо жана дин адамдарын көрсөтпөө тууралуу буйрук келгенин билдиришти.

«Бизде диний берүүлөрдү көрсөтүү токтотулду, биз эфирге сакалчан кишилерди чыгарбай калдык. Эми имамдар телеберүүлөргө чакырылбайт», - деди телеканалдын аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери.

Бирок өлкөнүн Улуттук телерадиокомпаниясы диний берүүлөр аларга бөлүнгөн убакыт аяктагандыгы үчүн токтотулганын билдирди. «Планга ылайык, ал берүүлөрдүн бардыгы тең циклдүү болчу. Алгач диний берүүлөр «Өзбекстан» телеканалында чыгып келген болсо, азыр «Маданият ва маърифат» телеканалынан чыгып жатат», – деди компаниянын өкүлү.

Бирок өзбек телеберүүсүндө иштеген журналисттердин бири диний берүүлөрдү токтотуу жөнүндө президенттин мамлекеттик кеңешчиси Хайриддин Султанов буйрук бергенин айтууда.

– Жакында эле өзбек журналисттеринен турган топ Кытайда болуп кайткан. «Ахборот» маалыматтык берүүсүнүн кызматкерлери жети репортаж жөнөткөн, бирок алардын бешөө эфирден кеткен жок. Анткени интервью берген адамдардын арасында сакалчан киши бар экен, – деди журналист.

XS
SM
MD
LG