Линктер

шейшемби, 25-июнь, 2019 Бишкек убактысы 21:40

Социалдык тармактарда зомбулукка каршы акция өтүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.

Социалдык тармактарда кыз-келиндердин укугун коргоого, зомбулукту токтотууга арналган акция өтүп жатат. Ага Кыргызстандагы белгилүү ырчы, медицина кызматкери, теле алып баруучу жана жарандык активисттер катышууда.

Акцияда ар бир бешинчи нике ала качуу менен курулары, ар бир жетинчи кыргызстандык кыз 18 жашка чейин турмушка чыкканы, бир жылда 2 миңдей аял үй-бүлөдөгү зомбулуктун айынан дарыгерге кайрылары жана зордуктоого байланыштуу ар бир экинчи иш кайра токтотулары белгиленген. Мындан сырткары үй-бүлөдөгү зомбулуктун 98% эркектер күнөөлүү экени көрсөтүлгөн.

Укук коргоочулар Медициналык коллеждин студенти, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө киши колдуу болгон 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын окуясынан кийин деле ала качуу, зордуктоо фактылары катталып жатканын сынга алууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG