Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Республикачылар Трамптын Хелсинкидеги позициясын кескин сындашты


Сенатор Боб Коркер.
Сенатор Боб Коркер.

Республикачыл сенатор, Тышкы иштер боюнча комитеттин төрагасы Боб Коркер Капитолийде журналисттердин суроосуна жооп берип жатып АКШнын президенти Дональд Трамптын Хелсинкиде Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуу учурундагы позициясын кескин сынга алды. Ал катуу көңүлү калганын билдирди.

Коркер Орусиянын 2016-жылкы шайлоого кийлигишкенинде “эч шек жок” экенин жана атайын кызмат Москванын ролу боюнча күмөн саноого мүмкүнчүлүк бербегенин кошумчалады. Ушундай эле пикирин Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Пол Райан билдирди.

Финляндиянын борборунда жалпысынан төрт сааттан ашык убакытка созулган сүйлөшүүлөрдүн соңундагы басма сөз жыйынында эки лидер алдыда кызматташуу ниеттерин билдиришти.

Президенттердин билдирүүсүнөн белгилүү болгондой, алардын алгачкы эки тараптуу сүйлөшүүсүндө Орусиянын Америкадагы президенттик шайлоого кийлигишүүсү, Украина, Сирия, өзөктүк куралды азайтуу, соода жана башка маселелер талкууланды.

Трамп басма сөз жыйынындагы суроо-жоопто белгилегендей, ал Орусиянын 2016-жылдагы шайлоого кийлигишүүсүнө байланыштуу маселени көтөргөндө Путин андай маалыматтарды мурдагыдай эле четке каккан.

XS
SM
MD
LG