Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Абылгазиев Грузиянын тажрыйбасын көрдү


Мухаммедкалый Абылгазиев менен Мамука Бахтадзе.

Тбилисиде өтчү «Ачык өкмөт» эл аралык демилгесинин саммитине барган кыргыз премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Грузиянын премьер-министри Мамука Бахтадзе баштаган бир катар жетекчилер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык талкууланды. Премьер Абылгазиев "Жалпы жеңилдиктер тутуму" (ВСП+) макамынын алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

Ошондой эле ал Кыргызстан Грузиянын IT технология жана мамлекеттик башкаруудагы ачыктыкты камсыз кылуу жаатындагы тажрыйбасын өздөштүрүүгө кызыгаарын кошумчалады.

Тбилисидеги сапарынын жүрүшүндө кыргыз делегациясы салык, бажы жана туризм тармагын реформалоо боюнча маалымат алды.

“Ачык өкмөт" ("Open Government Partnership") ​саммитине бул долбоорго мүчө болгон 70тен ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Анда ачык-айкын саясат жүргүзүү тажрыйбалары талкууланат. Анын ичинде Кыргызстанда аткарылып жаткан иштер тууралуу да маалымат берилет.

Кыргызстан “Ачык өкмөт" демилгесине былтыр ноябрь айында кошулган. Анын алкагында «Ачык маалыматтар» саясаты иштелип чыгып, мамлекеттик органдардын ишиндеги ачык-айкындыкты камсыз кылуу, инвестиция тартууга шарт түзүү боюнча убадалар берилген. (BkA)

XS
SM
MD
LG