Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:55

Бурулайдын сөөгүн эксгумациялоо маселеси экспертизадан соң чечилет


Маркум Бурулай Турдаалы кызынын сүрөтү.
Маркум Бурулай Турдаалы кызынын сүрөтү.

Жайыл райондук милициясында киши колдуу болгон Бурулай Турдаалы кызынын сөөгүн эксгумациялоо боюнча чечим экспертизадан соң кабыл алынат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чүй облустук милициясынын тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Жыпара Исакбаева билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Бурулайдын атасы сөөктү эксгумациялоо боюнча арыз менен кайрылган. Учурда анын денесинде бычак менен жазуу болгону-болбогону республикалык Соттук-медицина борборунда экспертизада каралып жатат. Эксгумациялоонун чечими ошонун жыйынтыгы менен кабыл алынат.

Буга чейин Бурулай Турдаалы кызынын ата-энеси анын сөөгүн эксгумациялоону талап кылып, мындай кадамын экспертизанын жыйынтыгына макул болбогону менен түшүндүргөн.

Алар "кыздын денесинде бычак менен оюп жазылган" деп айтып чыккан. Бирок милиция алгачкы экспертизага таянып, мындай жазуу болбогонун билдирген.

Ушул аптанын башында Бурулайдын атасынын милицияга нааразылыгына байланыштуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министрине бул ишти катуу көзөмөлгө алуу менен маркумдун атасын кабыл алууну тапшырган.

Быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген. (BkA/KR)

XS
SM
MD
LG