Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:32

УКМК: Адвокат Токтакуновдун билдирүүсү жалган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Камактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду опузалоо тууралуу адвокат Нурбек Токтакуновдун айткандары чындыкка кошпойт. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өкүлү билдирди. Анын айтымында, Исаковдун иши мыйзам чегинде тергелүүдө жана ага эч кандай басым, мыйзамсыз сунуш болгон жок. 

“Токтакуновдун бул билдирүүсүн кезектеги жеңил пиар аракети катары баалайбыз”, - деди УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов. 

Буга чейин мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду УКМКнын тергөөчүсү опузалап жатканы тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов билдирген. Ал атайын кызматтын өкүлдөрү Исаковго адвокат Токтакунов менен иштешүүдөн баш тартууну сунуш кылып, андай болбосо мурдагы премьерге жаңы кылмыш ишин ачарын айтып коркутканын айткан. (BkA)

 

XS
SM
MD
LG