Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

Пакистандагы жардыруудан кыргызстандыктар жабыркаган жок


Пакистандагы акыркы күндөрдөгү бир нече жардыруудан каза болгондордун жана жабыр тарткандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги бул өлкөдөгү жарандарды коопсуздук чараларын күчөтүүгө чакырууда.

Буга чейин Пакистандын бир нече шаарында жардыруудан 160тан ашуун киши каза болуп, кеминде 230дай адам жарадар болгон. Кайгылуу окуялардан улам бул өлкөдө аза күтүү күнү жарыяланган. (BkA)

XS
SM
MD
LG