Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча жаңы тергөө тобу түзүлдү


Ички иштер министрлиги.
Ички иштер министрлиги.

2014-жылы Бишкекте киши колдуу болгон студент Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча жаңы ыкчам-тергөө тобу түзүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын жетекчисинин орун басары Бактыбек Нарчаев билдирди. Анын айтымында, учурда тергөө тобу Дүйшөбаеванын өлүмүнүн жаңы жагдайлары боюнча иш алып барып, документтер менен иштеп жатат.

Милициянын маалыматы боюнча бул иштин алкагында 500дөн ашык адам суралган.

"Киши колдуу болду" деп айтылган 19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын сөөгү 2014-жылдын 16-мартында шаар четиндеги Байтик айылынан табылган. Бул өлүмдү иликтөө боюнча ыкчам топ түзүлүп, 400гө жакын адам суракка алынган. Алардын арасында коомчулукка белгилүү адамдар жана алардын туугандарынын аты аталган.

2015-жылы Ички иштер министрлиги окуяны иликтөө иши кайра башынан башталганын, Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча жаңы версия бар экенин билдирген. Ал түгүл Камила Дүйшөбаеванын телефонундагы айрым маалыматтарды алыш үчүн Малайзиядан атайын адистер чакырылганы да кабарланган. Бирок кийинчерээк бул аракеттен эч кандай майнап чыкпаганы белгилүү болгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG