Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Алматыдагы аэропортто кыргыз жүргүнчүлөрү дагы эле катуу текшерилүүдө


Алматы аэропорту.
Алматы аэропорту.

Кыргызстандык жүргүнчүлөрдү Казакстандын Алматы шаарындагы эл аралык аэропортто ар кандай жүйө менен текшерүү уланууда. Бул тууралуу Бишкектин тургуну Аскар Акталов "Фейсбуктагы" баракчасына жазып чыкты. Анын маалыматы боюнча аэропорт кызматкерлери Кыргызстандан барган жана келе жаткан жүргүнчүлөрдү өзүнчө бөлүп алып, суракка алган. Анда кайсы өлкөгө эмне себеп менен бара жатканын такып сурап, паспортун эч негизи жок сүрөткө тартып алган.

Алматыда аэропортто кыргызстандыктардын паспортторунун көчүрмөсү, дареги, телефондогу жеке маалыматтар, IMEI коддоруна чейин жазып алуу буга чейин да болуп келген. Жаралган кырдаалдан улам Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын Тышкы иштер мекемесине нота жөнөткөн эле. Казакстан жарандарды суракка алуу эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрүн аныкташ үчүн жүргүзүлүп жатканын билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG