Бул тууралуу Кошмо Штаттардын финансы министри Стивен Мнучин билдирди. Анын айтымында, АКШ Иранга каршы санкцияларын кайра калыбына келтирип жатканда глобалдык мунай базарынын иш ыргагын бузбаш үчүн Ирандан мунай импорттоону азайтуу максатында көбүрөөк убакыт талап кылынган айрым өлкөлөргө жеңилдик берүү жагын карайт.
“Биз (Ирандан) мунай сатып алуу нөлгө түшүүсүн көздөйбүз. Бирок айрым учурларда муну бир түндө жасай албайсың, биз жеңилдиктерди карайбыз”,- деди Мнучин. АКШнын финансы министри бул сөздөрдү кабарчыларга, 13-июлда Мексикадан иш сапарынан келе жатканда айткан, бирок коомчулук үчүн ал 16-июлда гана жарыяланды.
АКШнын Мамлекеттик департаменти буга чейин жарыялагандай, Иранга каршы санкциялардын биринчи баскычы 4-августта калыбына келет. Бул санкциялар Ирандын автоунаа секторун, алтын жана башка металлдар менен соодасын бутага алат. Санкциялардын калган бөлүгү 6-ноябрдан тартып күчкө кирет. Алар Ирандын энергетика секторун, мунайга байланышкан жана Борбордук банктын акча которуу жолдорун бутага алат.
Президент Хассан Роухани башка өлкөлөрдүн Ирандан алган мунай импортун “нөлгө” түшүрүүнү көздөгөн АКШнын аракеттеринен майнап чыкпасын буга чейин билдирген.
АКШнын санкциялары Вашингтон Ирандын талаштуу өзөктүк программасына байланыштуу 2015-жылкы көп тараптуу келишимден чыгып кеткенине байланыштуу калыбына келүүдө.
Президент Дональд Трамп быйыл майда өз өлкөсү андан чыкканын жарыялаганда, Тегеран баллистикалык ракеталарды сыноо, террордук топторду колдоо менен ошол келишимдин “маңызын” бузуп жатканын жүйө келтирген. (UE)