Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

Иран Кошмо Штаттарды сотко берди


Иран менен 2015-жылкы келишимдин АКШдан башка катышуучуларынын сүйлөшүүлөрү. Вена, 6-июль, 2018-жыл.
Иран менен 2015-жылкы келишимдин АКШдан башка катышуучуларынын сүйлөшүүлөрү. Вена, 6-июль, 2018-жыл.

Эл аралык Адилеттик соту (ICJ) Ирандын АКШга каршы доо арызы аларга келип түшкөнүн 17-июлда ырастады.

Расмий Тегеран сотко жолдонгон арызында президент Дональд Трамптын администрациясынын Иранга каршы санкцияларды калыбына келтирүүсүн АКШ Иран жана дүйнөнүн башка беш ири державасы менен кол койгон келишимди бузуу деп белгилеген.

Эл аралык сот бул маалыматты ырастаар алдында Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф "Твиттердеги" баракчасы аркылуу алар сотко АКШны “бир тараптуу санкцияларды кайрадан киргизгенине байланыштуу жоопко чакыруу үчүн” кайрылышканын билдирген.

2015-жылы АКШ, Британия, Франция, Германия, Орусия, Кытай жана Иран кол койгон келишимге ылайык, Тегеран талаштуу өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна кийин ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.

АКШ президенти Дональд Трамп быйыл майда өз өлкөсү андан чыкканын жарыялаганда, Тегеран баллистикалык ракеталарды сыноо, террордук топторду колдоо менен ошол келишимдин “маңызын” бузуп жатканын жүйө келтирген.

АКШнын Мамлекеттик департаменти буга чейин жарыялагандай, алардын Иранга каршы санкцияларынын биринчи баскычы августтан тарта калыбына келет. Бул санкциялар Ирандын автомобиль секторун, алтын жана башка металлдар менен соодасын бутага алат.

Санкциялардын калган бөлүгү ноябрдан тартып күчкө кирет. Алар Ирандын энергетика секторун, мунайга байланышкан жана Борбордук банктын акча которуу жолдоруна каршы багытталган. (UE)

XS
SM
MD
LG