Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:34

Зергерчилик тармагын өнүктүрүү маселеси талкууланат


Орусия. Москвадагы асем буюмдар сатылган дүкөндөрдүн бири. 18-январь, 2006-жыл.
Орусия. Москвадагы асем буюмдар сатылган дүкөндөрдүн бири. 18-январь, 2006-жыл.

Кыргызстанда зергерчилик тармагын өнүктүрүү жана мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселеси "тегерек үстөлдө" талкууланат. Экономика министрлигинин маалыматына караганда, ченемдик-укуктук актыларга инвентаризация жасалып, эки миңдей административдик жол-жоболор талданып чыккан. Анын айрымдарын эскирген деп табуу жана жаңыртуу жөнүндө сунуштар киргизилди.

Буга чейин Финансы министрлиги өлкөдөгү зер буюмдардын 80 пайыздан ашууну чет жактан аткезчилик менен ташылып жатканын билдирген. Баалуу металлдар менен таштардан жасалган зер буюмдарды аткезчилик менен ташып, жүгүрткөндөргө жазаны күчөтүү жөнүндө сунуш түшкөн.

Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин маалыматына караганда, өлкөгө жыл сайын 20 тоннанын тегерегинде баалуу металлдар менен асыл таштардан жасалган буюмдар ташылып келет. Аларга Кыргызстандын мамлекеттик эн тамгасы басылууга тийиш. Бирок иш жүзүндө ал талап аткарылбай, миллиондогон сом казынага түшпөй калып жатат.

Ишкерлер Кыргызстанда зергерчилик тармагы артка кеткенин белгилеп келатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG