Кыргызстанда жугуштуу кызылча дартына чалдыккандардын саны 323 кишиге жетти. Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, бул оору Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп катталууда. Ооругандардын 43 пайызы бирге чыга элек, 17,6 пайызы эмделбеген балдар.
2017-жылдын декабрь айында кызылча оорусу Орусиядан келген мигранттардын балдарынан башталып, азыр аны жугузуп алгандар көбөйүп баратканы белгиленген.
2015-жылы кызылчанын эпидемиясы күчөп, өлкөдө 800дөн ашуун киши ооруган. (КЕ)