Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:35

Ош: Мэрликке талапкерге депутаттар суроо беришкен жок

Таалайбек Сарыбашев.
Таалайбек Сарыбашев.

Ош шаарынын мэрлигине талапкер Таалайбек Сарыбашевге шаардык кеңештин депутаттары суроо бербей эле коюуну чечишти. Калаа кеңешиндеги фракция жетекчилери сунуштарын айтып жатышат.

Талапкер Сарыбашев депутаттарды өз программасы тууралуу айтып берди. Анда талапкер шаардык казынадагы көмүскө каражаттарды ачыкка чыгаруу, бала бакча, мектеп тартыштыгын чечүү менен билим берүүнүн деңгээлин көтөрүүгө убада берди.

Сарыбашев шаарды толугу менен өзгөртүүгө эки жыл мөөнөт жетерин билдирди.

3-июлда Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаев башка кызматка өткөнүнө байланыштуу ишин тапшырып берген.

Кыргызстандын түштүк борборунун башчылыгына өкмөттүн облустагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев жалгыз талапкер болуп катталган. Анын талапкерлигин Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция сунуш кылган. (YII/BkA)

Ош: мэрликке талапкердин программасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:09 0:00

XS
SM
MD
LG