Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:42

Финполиция: Улуттук университеттин окутуучусу пара менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин "пара талап кылды" деп шек саналган кафедра башчысын кармады. Бул тууралуу маалымат Финансы полициясынан алынды.

Маалыматка караганда, Финасы полициясына мугалимдин 400 доллар талап кылып жатканын айтып арызданышкан. Мындан соң ыкчам издөө иштеринин натыйжасында 14-июлда мугалим 27 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматчылардын мыйзамсыз түрдө сыйлык алышы” беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда.

Финполиция акыркы учурда студенттерден пара талап кылган мугалимдердин үстүнөн көптөгөн арыздар түшүп жатканын кошумчалады.(BkA)

XS
SM
MD
LG