Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Ош мэрлигине Таалайбек Сарыбашев шайланды


Таалайбек Сарыбашев.
Таалайбек Сарыбашев.

Ош шаарынын мэрлигине Таалайбек Сарыбашев шайланды. Аны колдоп шаардык кеңештеги 45 депутаттын 44ү добуш берди.

Мэрди шайлаш үчүн чогулган шаардык кеңештин жыйынында Сарыбашев шаарды өнүктүрүү боюнча өз программасын депутаттарга сунуш кылып, эки жыл аралыгында калааны иретке салып, өнүктүрүүгө убада берди.

Ошондой эле ал шаардык казынадагы көмүскө каражаттарды ачыкка чыгаруу, бала бакча, мектеп тартыштыгын чечүү менен билим берүүнүн деңгээлин көтөрүүнү башкы максаты катары белгиледи.

Депутаттар талапкерге суроо беришкен жок. Шаардык кеңештеги фракция лидерлери гана сунуштарын берүү менен чектелишти.

3-июлда Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаев башка кызматка өткөнүнө байланыштуу ишин тапшырып берген.

47 жаштагы Таалайбек Сарыбашев буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп эмгектенип келген. Аны шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция жалгыз талапкер катары көрсөткөн.

Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалицияга КСДП, "Бир Бол" жана "Мекеним Кыргызстан" фракциялары кирген. “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана “Республика - Ата Журт” партиялары оппозицияда. (BKA/YI)

Ош: мэрликке талапкердин программасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:09 0:00

XS
SM
MD
LG