Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Орусияда 7 миң кыргызстандык “кара тизмеден” чыгарылды


Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда жыл башынан бери жети миңден ашуун кыргызстандык “кара тизмеден” чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектеги басма сөз жыйынында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди. Анын айтымында, учурда Орусияда мыйзам бузду деген 70 миңдей кыргыз жараны “кара тизмеде” кала берүүдө. Алардын 50 миңден ашыгы сотту чечими менен бул тизмеге илингени үчүн аларды андан чыгаруу кыйын болорун министр эскертти.

2013-жылы Орусиянын бийлиги миграция мыйзамдарын бузган чет элдик жарандардын тизмесин түзгөн. Ага жазылган жарандар өлкөгө кайра киргизилбейт.

Бүгүнкү күнү Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын расмий саны 640 миң адам. Бул жалпысынан чет жакта иштеген мекендештердин 88% түзөт. Бирок иш жүзүндө мигранттардын саны мындан көп экени айтылып келет. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG