Кыргызстандын футбол боюнча 16 жашка чейинки кыздар курама командасы Бишкекте өтүп жаткан эл аралык "Үмүт" ("Надежда") кубогунун алгачкы оюнунда тажикстандык атаандаштарын жеңип алды.
Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиргендей, 17-июлда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн оюн 1:0 эсебинде аяктады.
Кыргызстандын командасына жеңиш алып келген жалгыз голду Сатиней Акылбекова киргизди.
17-июлда башталган "Үмүт" ("Надежда") кубогунун оюндары 21-июлга чейин уланат. Мелдешке Казакстандан 17 жашка чейинки курама команда жана Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстандан 16 жашка чейинки кыздар курама командасы катышып жатат.
Бул мелдеш Кыргызстандын Футбол федерациясы менен Кыз-келиндер футболунун ассоциациясы тарабынан 2010-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Алгачкы мелдешке Ооганстандын, Кыргызстандын, Азербайжандын жана Казакстандын командалары катышкан. Быйылкы турнир - өспүрүм командалар арасында боло турган 2019-жылдагы Азия чемпионатына тандоо оюндарына даярдыктын бир этабы. (ECh)