17-июлда Ысык-Көл районунда диний көз караштан улам мектепке барбаган үй-бүлөлөргө рейд уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Райондук акимчилик жана социалдык адистер ал үй-бүлөлөрдү балдардын укугун тебелебестен келаткан окуу жылына жиберүүнү ата-энелерине табышташты.
Мындай үй-бүлөлөр Ысык-Көл районунда үчөө. Алардан жети бала мектепке барбай келген. Бул боюнча райондо балдар менен иш алып баруучу комиссия түзүлүп иштеп келген, бирок майнап чыккан эмес. Быйыл үч үй-бүлөнүн ата-энелерине кылмыш иши козголуп, райондук сот бир үй-бүлөнүн ата-энесин 2 жылга, калган эки үй-бүлөнүн ата-энесин 1 жылга эркинен ажыратылып, жатак абагына кескен. Учурда алардын аталары Чолпон-Атадагы жатак абагында жаза мөнөтүн өтөп жатышат. Ал эми энелери кичинекей балдары 14 жашка чыкканда жаза мөөнөтүн өтөй тургандыгы белгиленген.
Жалпы Ысык-Көл облусунда диний көз караштан улам беш үй-бүлөдөн 9 бала мектепке барбай келет. Анын ичинде Ысык-Көл районунда үч үй-бүлөдөн жети бала, Түп районунан бир үй-бүлөдөн бир бала жана Ак-Суу районунан бир үй-бүлөдөн эки бала барбай келген. (AsM)