Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:49

Жалал-Абад: Кытай компаниясын тоноого шектүү катары айылдык депутат кармалды


Кыргызстанда жол салып жаткан кытай жумушчулары.
Кыргызстанда жол салып жаткан кытай жумушчулары.

Ош-Бишкек альтернативалык жолун куруп жаткан кытай компаниясын тоногондор кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков “Азаттыкка” кабарлады.

Анын айтымында, 2-июлда Тогуз-Торо районунун Көк-Ийрим айылында жол куруп жаткан кытайлык компаниянын жумушчусун белгисиз бирөөлөр сабап, 1 тоннага жакын күйүүчү майды тоноп кеткен. Натыйжада Кытай жараны жарадар болуп Тогуз-Торо райондук ооруканасына кайрылган. “Тоноо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары төрт киши кармалды. Алардын бири - айылдык кеңештин депутаты.

Учурда кылмышка шектүүлөр үй камагына чыгарылды. (BkA)

XS
SM
MD
LG