Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:54

Москвадагы жол кырсыгынан үч кыргызстандык каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада кыргызстандык таксист эки жүргүнчүсү менен кошо жол кырсыгына кабылып, үчөө тең каза болду. Кырсык Выхино районунда 18-июлда таңга маал болгонун Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, каза болгондордун экөө Орусиянын, бирөө Кыргызстандын жараны.

- Биз элчиликтин юристи менен ошол аймактын тергөө башкармалыгына бардык. Балдардын паспортторун алып, тек-жайын тактадык. Бирөө жалалабаддык жигит экен, анын туугандары табылды. Анын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү боюнча уруксат алдык. Эки кыргызстандык балдардын туугандары азырынча табылбай жатат. Экөө тең оштук жигиттер экен.

Кырсыкта каза болгон бирөөнүн сөөгү 19-июлда мекенине жөнөтүлөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG